Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу өчүрүлөт

Эртең, 30-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ысык суу саат 9:00дөн 16:00гө чейин өчүрүлөт. Себеби 2025-2026-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Ысык суу токтотулчу даректер:

  • Ахунбаев көчөсү 128, 130, 130A, 132, 132A, 134;
  • Политехникалык көчөсү 4, 10, 15-сектор;
  • Таш-Көмүр көчөсү 6, 8;
  • Айтматов кең көчөсү 70, 72, 74, 76, 80;
  • №79 бала бакча.

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан