Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын аймактык башкармалыгы тарабынан курулуш объекттери көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, көзөмөлдөө иштеринин алкагында, Кочкор районунун Шамшы айылында курулуп жаткан суткалык жөнгө салуу бассейни текшерилип, курулуштагы техникалык регламенттердин жана эрежелердин сакталбагандыгы аныкталды.
Натыйжада, аталган объекттин башкы подрядчысы "Жалал-Абад СМУтт" ЖЧКсына карата акт түзүлүп, мыйзам бузуу фактылары боюнча 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.