31-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган "Эртеңки күндүн трансформациясы бүгүн: туруктуу келечек үчүн көндүмдөр" аттуу эл аралык талкууга агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышат. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Агартуу министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага билим берүү министрлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, заманбап чакырыктарды, тагыраагы, санариптик өнүгүүнү, экологиялык туруктуулукту, климаттын өзгөрүшүн, социалдык теңсиздикти жана кесиптик көндүмдөрдүн жетишсиздигин талкуулашат.
"Жыйында катышуучулар жаш муунга туруктуу өнүгүү үчүн керектүү билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу жолдорун, ошондой эле эл аралык кызматташтык жолдорун, анын ичинде чет өлкөдөгү билим жана кесиптик жетишкендиктерди таануу маселелерин талкуулашат", - деп айтылат маалыматта.