Манас шаарында авто ээнбаштык жасаган той кортеждери айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарда Манас шаарында той кортеждери авто ээнбаштык жасагандыгы боюнча видео тараган.
Бул факты боюнча Манас шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, ээнбаштык жасаган Hyundai Grandeur, Toyota Land Cruiser жана BMW X5 үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларын аныкташкан. Жалпы 45 миң сом өлчөмүндө айып салуу менен унаалар айып короо жайына токтотулган.
"Эми бул айдоочулар кайрадан авто ээнбаштык жасашса, 6 ай мөөнөткө чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат", - деп айтылат маалыматта.