Монголияда бензин жетишсиздиги тууралуу маалымат тараткан вице-премьер кызматтан кетти

Монголиянын премьер-министри Гомбожавын Занданшатар жоопкерчилик тууралуу келишимди бузганы үчүн вице-премьер Сайнбуянгийн Амарсайханды кызматтан алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Амарсайхан өлкөдө Орусиядан жеткирилген бензин азайганы тууралуу маалымат тараткан.

Премьер-министр вице-премьерди Монголия жарандарына бензин жетишсиздиги тууралуу ушактарды таратууга үндөгөн деп айыптады. Занданшатардын айтымында, өкмөт бул көйгөйдү күнү-түнү чечүүгө аракет жасап жаткан.

"Жалпы позициядан айырмаланган мындай билдирүү өкмөт мүчөлөрү тарабынан кол коюлган жоопкерчилик келишимин бузат", — деди ал.

Орусия Монголияга бензин, дизель майы жана учак керосиндин болжол менен 99 пайызын камсыз кылат.

26-октябрда Монголиянын өнөр жай жана минералдык ресурстар министрлиги калкка бензин жетишсиздиги тууралуу жалган ушактарга алданбоону суранган. Министрликтин билдирүүсүндө, Улан-Батордо 280ден ашык май куюучу жай иштеп жаткандыгы, анын ичинде 180ден ашыгы нормалдуу режимде кызмат көрсөтүп жаткандыгы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан