Германияда арабада отурган майып жаранды өлтүрүп, тоноп кетишкен 

Германиянын Ганновер шаарында мурда дайынсыз жоголгон майыптыгы бар Василий аттуу украин жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал шаардын борборунда сейилдеп жүрүп, байланышын үзгөн. Бир күндөн кийин анын зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар сөөгү Рейн шаарындагы суу каналынын жээгинен табылган. Ганновер менен Рейндин ортосундагы аралык 180 чакырымдан ашат.

Эжесинин айтымында, Василийди тапканда курткасы, телефону, акчасы жана документтери жок болгон.

Учурда тергөө жүрүп жатат, кылмышкерлер табыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан