Бразилияда бийлик өкүлдөрү менен баңгизат саткан ири компаниялардын ортосунда кандуу кагылышуу болуп, каза болгондордун болжолдуу саны 130га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Рио-де-Жанейро шаарынын түндүк бөлүгүндө абал оор. Атышуулар уланып, унаалар өртөлүп, кооптуулук жаралууда. Баңгизат кампалары FPV-дрондун жардамы менен корголуп жатканы кошумчаланды.
Бразилиянын губернатору Клаудио Кастро өлкө президенти Лула да Сильваны “армияны жөнөтүүдөн баш тартты” деп айыптады.
Эскерте кетсек, буга чейин Рио-де-Жанейро шаарында кылмыштуу топторго каршы масштабдуу операция жүргүзүлүп, 2,5 миңге жакын аскер киргизилгени айтылды.