Франциянын борборундагы Лувр музейинен таажы, зер буюмдары уурдалган окуяга байланыштуу кармалган эки шектүү кылмышын моюнуна алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Париж прокуратурасынын билдирүүсүндө, шектүүлөр камакка алынган жана тергөө учурунда аларга "уюшкан уурулук" жана "кылмыш максатында кызматташуу" айыптары коюлганы айтылган. Уурдалган буюмдар азырынча табыла элек.
Эске салсак, окуя 19-октябрда Луврдун Апполон галереясында 7 мүнөттүн ичинде болгон. Шектүүлөр ДНК издери аркылуу аныкталган: бири 34 жашта, Алжир жараны, экинчиси 39 жашта, Парижде туулган француз жараны. Дагы эки шектүү изделүүдө.