Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Татарстандын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту.
Өкмөт билдиргендей, баарлашуу бүгүн, 30-октябрда президенттик администрацияда өттү.
Анда Байсалов кыргыз-татар байланыштары активдүү өнүгүп жатканын белгиледи.
Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү келечегин талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы салттуу боордоштук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтуларын ырасташты.