Бүгүн, 30-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамптын учагы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушкандан кийин Түштүк Кореядан учуп кетти. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Трамптын учагы Түштүк Кореядан Вашингтонго багыт алган.
Буга чейин белгилүү болгондой, эки лидер Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы Кимхэ авиабазасында жолугушкан. Анда эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу мамилелерди жана өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашканы айтылган.