Трамп апрель айында Кытайга барарын айтты 

АКШнын президенти Дональд Трамп 2026-жылы апрель айында Кытайга барарын айтып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди АКШга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Мен Кытайга апрель айында барам. Кытай лидери Си Цзиньпин АКШга бир канча убакыттан кийин келет",- деген Трамп Вашингтонго бараткан жолдо президенттик учакта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-октябрда Трамп менен Си Цзиньпин Түштүк Кореянын Пусан шаарында жолугушту. Анда эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу мамилелерди жана өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

Жолугушуудан кийин Трамп Си Цзиньпин менен көптөгөн маанилүү чечимдерге жетишкенин айтып, сүйлөшүүнү "жакшы өттү" деп баалаган.

Ошол эле күнү Трамптын учагы Түштүк Кореядан Вашингтонго багыт алган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан