Транспорт министрлиги жарандык активист Эртай Искаковго "Кызматташтык салымы үчүн" медалы тапшырылганын билдирди.
Сыйлыкты транспорт министри Абсаттар Сыргабаев тапшырган.
Айта кетсек, Искаков жол тармагындагы көйгөйлөрдү активдүү айтып келет.
Ал 2023-жылы камалып чыккан. Ал ошол жылдын июль айында "Бейбаштык" беренеси боюнча камакка алынып, сентябрь айында үй камагына чыгарылган.