Кечээ, 29-октябрда Аламүдүн районунда айдоочу жол тескөөчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, болжол менен саат 19:30 чамасында Аламүдүн районунун Достук айылында "Арзан" магазининин жанында трактор электр мамысын сүзүп, жол кырсыгы катталган. Окуя болгон жерге кызматкерлер чыгып, кырсыктын схемасын түзүп жатышкан.
Кызматкерлердин бири жол тыгындарын алдын алып жаткан учурда КИА-К7 үлгүгүсүндөгү унаа жол тескөөчүнү сүзүп кеткен.
Азыркы учурда кызматкер Чүй облусунун аймактык ооруканасына жаткырылды. Ал эми кызматкерди сүзгөн айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилди.