Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 31-октябрда өлкө аймактарында күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18 ... +23, Талас жергесинде +18... +23, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +17... +22, Ысык-Көлдө +10 ... +15, Нарында +10... +15 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы +18... +20 градус жылуу болот.