Казакстандык Сыдык Давлетов аттуу жаран бир өркөчтүү төөлөрдөн турган эң чоң кербенди чогултуп, Гиннесстин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу Тengrinews басылмасы жазды.
Гиннестин рекорддор китебинин басма сөз кызматы Давлетовдун укмуштуудай жетишкендигин баса белгилеп, кербенде 252 баш төө болгонун жазган.
Айта кетсек, рекорд Жетисуу облусунун Алакөл районундагы Акши айыл аймагында катталган.