Биз социалдык тармакта

Чүйдө балдардын стационардык мекемеси текшерилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Беловодскийдеги балдардын социалдык стационардык мекемесин текшерди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Анда айтылгандай, бул сапар мекеменин мурдагы кызматкеринин арызынын негизинде түзүлгөн комиссиянын иши жыйынтыкталгандан кийин уюштурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча арызда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталган жок. Текшерүүнүн жүрүшүндө министр балдардын жашоо шарттары менен таанышып, эмгек жамааты менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда кызматкерлер социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.
Министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнө бул сунуштарды иштеп чыгып, так план сунуштоо тапшырмасы берилди. Министр өзгөчө көңүлдү аутизм менен ооруган жарандарды изилдөө жана кам көрүү багытындагы иштерге буруп, тиешелүү билим берүү тренингдерин өткөрүүнү күчөтүүнү тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан