Непалда кар көчкү жүрүп, туристтердин лагерин басып калды (видео)

Непалда Аннапурна тоосунун чокусунан түшкөн кар көчкү туристтердин базалык лагерин басып калды. Бул тууралуу SWNS агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, лагерь деңиз деңгээлинен 4100 метр бийиктикте жайгашкан. Видеодо тоо боорунан кар көчкү түшүп, лагерге карай агылып келе жатканын көрүүгө болот.

Кар көчкү чатырларды жаап калган. Бирок туристтер дүрбөлөңгө түшкөн эмес. SWNS агенттигинин маалыматына караганда, кар көчкүдөн эч ким жабыркаган жок.

Непалда кар көчкү жүрүп, туристтердин лагерин басып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан