Ош шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Карабаев жана Ешмамбетов көчөлөрү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жашоочулар катышты.
Эки көчөнүн унаа жолдоруна асфальт басылып, эки тарабына тротуар жана ирригациялык лотоктор курулду.