Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын борбордук көчөсү заманбап шартка ылайык жаңыланат (фото)

Ош шаарынын Абдыкадыров көчөсүнүн Курманжан датка көчөсүнөн Закиров көчөсүнө чейинки аралыгы башкы планга ылайык ачылып (пробивка), аталган көчө Осмонов көчөсүнө чейин кеңейтилет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, көчө заманбап шартка ылайык көрктөндүрүлүп, толук түрдө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Көчөдө жол чырактар орнотулуп, жолдогу эскилиги жеткен бетон тосмолор мрамор таштар менен жасалгаланып, көчөгө заманбап жана эстетикалык көрүнүш тартууланат.
Мекемеден билдиришкендей, аталган көчө Ош шаарын экиге бөлүп турган Ак-Буура дарыясынын үстүнөн өтүп, шаарды бириктирип турган өзгөчө мааниге ээ борбордук көчө болот.
Бул иштердин эскиздик долбоору Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан