Израил Ливанга кайрадан чабуул койду

Израил ок атышууну токтотууга карабастан Ливанга кол салуусун улантууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Ливандын түштүгүндөгү Небатие шаарында айрым жерлерге абадан сокку урулду. Небатиеге караштуу Шэба жана Харуф айылдары учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алынды. Кол салууларда 3 адам жаракат алды. Сур шаарынын жанында да Ливан армиясына таандык аскердик пункттун жанына учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуу жасалды.

Израил Хизболланын коргонуу жана чабуул коюу жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат деген жүйө менен Ливанга кол салууларды күчөтүүнү пландаштырууда. Израил басылмалары коопсуздук кабинетинин бул маселени талкуулоо үчүн чогулганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан