Кечээ, 30-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддын Манас шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайды ишке берип жатып, ишкананын кызматкерлеринин айлык акыларына кызыкты.
Алар 17 миңден баштап, 32 миң сомго чейинки суммаларды айтышты. Атайын кызматтын башчысы маянанын аз экенин белгилеп, ишкананын жетекчисинен маалымат сурады. Ал кийинки жылдан тартып айлык акыларга 15 пайыз кошуларын айтты.
"Жок, болбойт! 17 миң алган кызыбыз жок дегенде 35 миң алышы керек. Калгандардыкын да көтөрүү керек. 30-35 миң алгандардыкы 40-45 миң болушу керек. Уктуңбу? Эмдиги жылы өзүм келип текшерем",- деди Ташиев.
УКМКнын башчысы маселени калаа мэри Эрнисбек Ормоковго тапшырды.