Франциянын Лион шаарында баалуу металлдарды иштеткен завод тонолду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, Лиондун Герлан аймагында жайгашкан Pourquery лабораториясына беш куралчан адам кирип, узун мылтыктарды жана жарылуучу заттарды колдонуп тоноп кетишкен.
Уурулар окуя болгон жерден унаа менен качып кетүүгө аракет кылышкан, бирок полиция кууп, шектүүлөрдү кармаган. Тонолгон баалуу металлдар толугу менен кайра алынганы кабарланды.
Окуя учурунда лабораториянын ичинде 28 киши болгон, алардын бешөө жеңил жаракат алган.