Бишкектеги "Булки" түнкү клубунун жанында мушташкан жарандар кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-октябрда саат 7:25те милицияга аталган факт боюнча маалымат түшүп, жерине патрулдук милиция кызматкерлери барышкан. Натыйжада факт тастыкталып, жаңжалдын 5 катышуучусу кармалып, суракка алуу үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Бишкек милициясы учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканын, анын негизинде окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатканын, кийинчерээк кошумча маалымат берилерин белгиледи.