Эртең, 1-ноябрда Бишкек шаарында, Чүй, Талас облустарынын аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +5 ... +10, Талас жергесинде +6... +11, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +14... +19, Ысык-Көлдө +8 ... +13, Нарында +9... +14, Бишкек шаарында +7... +9 градус болот.