Түркиянын Балыкесир шаарында кечээ, 30-октябрда күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Түркиянын Кырсык жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык жергиликтүү убакыт менен саат 23:52де болгон. Борбордук базасы Балыкесирдин Сындыргы району, 13,58 чакырым тереңдикте болгон.
Жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.