АКШнын президенти Дональд Трамп жана анын жубайы Мелания Трамп Ак үйдө Хэллоуин майрамын белгилешти.
Алар балдарга шоколад жана таттууларды таратышкан. Трамп менен жубайы балдарды классикалык кийим менен кабыл алган.
АКШда Хэллоуин жыл сайын 31-октябрда белгиленет жана күздүн эң популярдуу майрамдарынын бири болуп эсептелет. Бул күнү адамдар атайын костюмдарды кийип, үйлөрдү ашкабак менен кооздоп, кечелерди өткөрүшөт.