Биз социалдык тармакта

Өлкөгө Түштүк Кореянын Кёнгдон университетинин делегациясы келди

Агартуу министрлигинде Түштүк Кореянын Кёнгдон университетинин делегациясы менен жолугушуу өттү. Анда Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу маселелери талкууланды.
Тараптар билим берүү кызматкерлерин окутуу, тажрыйба алмашуу, заманбап окутуу методикаларын киргизүү жана келечектеги кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты.
"Кёнгдон университетинин өкүлдөрү Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү системине кызыгуусун билдирип, окутуучулар үчүн атайын кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу сунушун беришти",- дешти министрликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан