
Бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында жалпы 17 айыл өкмөтү жана 3 райондук маанидеги шаар дотациядан чыккан. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Ал эми 2026-жылга карата дагы 5 айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу пландалууда.
Алай районунун Гүлчө шаары;
Араван районунун Достук айыл аймагы;
Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагы;
Өзгөн районунун Кароол жана Дөң-Булак айыл аймактары.