Биз социалдык тармакта

Роналдунун уулу Португалиянын улуттук курама командасында дебют жасады

Атактуу футболчу Роналдунун уулу Криштиану-кичүүсү 15 жашында Португалиянын өспүрүмдөр курамасы менен биринчи жолу оюн талаасына чыкты. Бул тууралуу O Jogo басылмасы жазды.

Роналдунун уулу Түркиянын жаштар командасына каршы болгон оюнда алмашууга чыгып, талаада болгону бир мүнөт ойногон.

Оюн 2:0 эсебинде Португалиянын жеңиши менен аяктады. Дебют 16 жашка чейинки оюнчулар арасындагы эл аралык турнирдин алкагында болду.

Криштиану-кичүүсү учурда атасы ойногон Сауд Арабиясындагы "Аль-Наср" клубунун футбол академиясында машыгат.

Эске салсак, Роналду үй-бүлөсү менен Сауд Арабиясына көчүп келген. Ал 2023-жылдын январынан бери "Аль-Насрдын" чабуулчусу. Өлкөдө никесиз жашоого тыюу салынганы менен, атактуу футболчуга өзгөчө уруксат берилип, балдарынын апасы менен бирге жашоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Роналдунун тун уулу 2010-жылы төрөлгөн, учурда 15 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан