Интернетте кызыл китепке кирген түркстан сүлөөсүнүнүн видеосу тарады. Маалым болгондой, видео Казакстандын түштүк-чыгышындагы "Алтын-Эмель" паркында тартылган.
Түркстан сүлөөсүнү - сейрек кездешүүчү жана аз изилденген жаныбар. Ал табиятта тең салмактуулукту сактоого жардам берет, өз рационундагы башка жаныбарлардын санын жөнгө салат.
"Кадрлар паркта сейрек кездешүүчү жырткычтардын жашоосу жана көбөйүшү үчүн бардык шарттар бар экенин көрсөтүүдө", — деп белгилешти адистер.
Ошондой эле видеокапкандан алынган маалыматтар экосистеманын абалын көзөмөлдөөгө жана жапайы жаныбарларды коргоо чараларын күчөтүүгө колдонула турганы айтылды.