Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда алдын ала маалымат боюнча, Кош-Көл айылында жайгашкан “Радуга” эс алуучу жайында коттежден өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 13:29да Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 14:01де 1 күжүрмөн эсеп, саат 14:01де Балыкчы шаардык N19 ӨКБдан 1, саат 14:15те 1 жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылды.
Мындан сырткары "Ысык-Көл" Эл аралык аэропортунан 1 күжүрмөн эсеп, райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылып, өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө.
Кошумча маалымат бериле турганы айтылды.