Кыргызстандыкка социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн 20 миң сом айып пул салынды. Соттун токтому тууралуу сүрөттөр социалдык тармактарда жарыяланды.
Документке ылайык, мындай чечимди 23-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту чыгарган. Анда белгиленгендей, 1991-жылы туулган Асел Тынчтыкбек кызы аттуу жаран 23-сентябрда социалдык тармакка пост жарыялап, анда А. Казакбаева аттуу жаран №14имектепте иштеп жүрүп, коррупция боюнча кармалганын, кийин №13 мектепке директор болуп дайындалганын жазган.
Сот жараянында Асел Тынчтыкбек кызы бул маалыматты интернеттен алганын айткан.
Натыйжада ал Жоруктар тууралуу кодексинин 107-беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартылган.
Соттун чечими менен ал 20 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген.