Биз социалдык тармакта

Ош шаарында Элдик курултайдын делегаттары шайланды (фото)

Кечээ, 1-ноябрда Ош шаарында жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны өтүп, ага шаардагы бардык муниципалдык жана айылдык аймактардан шайланып келген 300 өкүл катышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, жыйындын жүрүшүндө катышуучулар арасынан 40 делегат ушул жылы 25-декабрда өтө турган IV Элдик курултайга делегат болуп шайланды.

Буга чейин 700 делегатка квоталардын тиркемеге ылайык бөлүштүрүлүшү, курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо, уюштуруу комитетинин курамы бекитилгени кабарланган.

Эске салсак, биринчи курултай 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкекте өткөн. Экинчиси – 2023-жылдын 15-декабрында, үчүнчүсү – 2024-жылдын 20-декабрында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан