АКШнын түндүк тарабындагы Детройт шаарында 4 жашар кыз бөлөсүн атып алды. Бул тууралуу
полицияга шилтеме берип жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык,
окуя 16-январь күнү кечинде (Бишкек убактысы боюнча 17-январь күнү эртең менен)
болгон. Полиция кызматкерлеринин айтымында, үч жаш бала (эң улуусу 5 жашта) телевизор
көрүп ойноп отурушкан. Бөлмөдө керебеттин астындагы октолгон куралды таап алган
кыз атып, кокустан бөлөсүн өлтүрүп алган.
Бул учурда балдардын 60 жаштагы чоң
атасы да үйдө болгон. Ошондой эле анын мурун куралдуу күчтөрдүн кызматкери
болгону аныкталган. Аталган окуяны күтүлбөгөн кырсык катары аталып, кылмыш-иши козголгон эмес. Азыркы тапта куралдын кимге
таандык экени иликтенүүдө.