Биз социалдык тармакта

Англияда белгисиз адам поезддеги жүргүнчүлөргө кол салды

Англиянын чыгыш бөлүгүндө поездде болгон кол салууда бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу The Times жазды.

Маалыматка караганда, кол салуу Кембрижширдеги Хантингдон станциясынын жанында болгон. Саат 19:30да поезд Питерборо шаарынан чыгып кеткен. Тогуз мүнөт өткөндөн кийин куткаруу кызматына биринчи чалуу келип түшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында, эркек киши колуна чоң бычак алып жүргөн. Жарандар качууга аракет кылышкан. Поездди токтотууга туура келген. Натыйжада полиция эки адамды кармап, бир нече жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер поезддеги окуяга абдан тынчсызданганын билдирип, тийиштүү чаралар көрүлө турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан