Биз социалдык тармакта

Токторбаев күзгү үрөн себүү иштерин баштап берди (фото)

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Озгур айылында күзгү үрөн себүү иштерин баштап берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош шаарынын мэриясына караштуу Кызыл-Кыштак аймактык башкармалыгынын үлүш кайрак жерлерине күздүк буудайдын үрөнү себилди.
"Учурда 100 гектар аянтка үрөн себүү иштери жүрүп жатат. Жыл аягына чейин дагы кошумча 100 гектар жерге үрөн себилип, жалпысы 200 гектар айдоо жер толугу менен камтылары күтүлүүдө" ,- деп айтылат маалыматта.
Мекемеден билдиришкендей, буудай себүү иштери шаар тургундарынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. Келечекте жердин аянты кеңейтилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан