Биз социалдык тармакта

БШК шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.
БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү өкүлдөр аккредитацияланды:
  • Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын
  • Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин
  • Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын
  • Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын
  • Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын
  • Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясынын
  • Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын
  • Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын
  • Астана шаарындагы Венесуэла Боливариананын элчилигинин
  • Кыргызстандагы Франциянын элчилигинин
  • Кыргызстандагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын
  • Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун
  • Парламенттик Ассамблеясынын,
  • Орусиянын Коомдук палатасынын.
Акыркы маалыматтар боюнча шайлоого жалпы 127 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.
Белгилей кетсек, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан