Борбордук шайлоо комиссиясына 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн 9 жаран парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыз берди. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:
- Атабекова Ажар Медеровна – №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Кулмамбетова Гүлжан Тагайболотовна – №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Мамытова Назгүл Туратбековна – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Пусурманов Закирбек Ташматович – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Примбаев Кымбатбек Шарабидинович – №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Шарапов Турсунбай Рахматиллаевич – №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Ташиев Абдулла Ташиевич – №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Бузурманкул уулу Жалын – №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Кадыров Кубанычбек Бекбосунович – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер.
Белгилей кетсек, кезексиз парламенттик шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына
белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.