Мальдив аралдарында жаштарга тамеки чегүүгө, сатууга расмий түрдө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, жаңы жобого ылайык, өлкө боюнча 2007-жылдын январь айында же андан кийин төрөлгөн жарандарга тамеки чегүүгө, сатууга тыюу салынды. Чектөөлөр тамеки буюмдарынын бардык түрлөрүнө: кальянга, электрондук тамекиге киргизилген.
"Мыйзамды бузуу административдик чара көрүүгө жана айып пул салууга алып келет. Жаңы эрежелер жергиликтүү тургундарга гана эмес, Мальдив аралындагы туристтерге да тиешелүү",- деп жазылган маалыматта.
Мальдив аралдары бүтүндөй муунга тамеки чегүүгө тыюу салган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. Аталган чектөөнүн максаты - келечекте тамеки чекпеген муунду калыптандыруу экени айтылган.