Ош шаарынын Прежевальск көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана шаардыктардын катышуусунда жол ачылды.
Көчөнү оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып жасалды.