Биз социалдык тармакта

Италиянын Альп тоолорунда кар көчкү жүрүп, 5 киши каза болду

Италиянын түндүгүндөгү Альп тоолорунда кар көчкү жүрүп, 5 адам каза болду. Бул тууралуу ANSA агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кар көчкү кечээ, 2-ноябрда түштөн кийин Альп тоолорунун Альто Адиже аймагы аркылуу өткөн Ортлес аймагында болгон.

Кар көчкү жүргөн учурда тоодо жүргөн немис лыжачылар тобу жабыркап, алгачкы маалымат боюнча 3 адам каза болгон. Бүгүн эртең менен кар көчкү түшкөн жерде жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында дагы 2 адамдын сөөгү табылып, каза болгондордун саны 5ке жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан