Кытай өзүнүн "Тяньгун" (Асман сарайы) орбиталык станциясына Shenzhou-21 миссиясы аркылуу жаңы экипаж жөнөттү. Алардын арасында өлкө тарыхындагы эң жаш астронавт, 32 жаштагы У Фэй да бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, команда жума күнү Цзюцюань космодромунан учурулуп, мурдагы Shenzhou-20 экипажын алмаштырды. Үч астронавт алты ай бою орбитада иштеп, эксперименттерди жана техникалык иштерди жүргүзөт.
Бул миссиянын өзгөчөлүгү катары станцияга төрт кара чычкан да жеткирилди. Чычкандар төмөн орбитада көбөйүү жана организмдин космостук шарттарга реакциясы боюнча илимий тажрыйбаларда колдонулат. Кытай биринчи жолу кичине сүт эмүүчүлөрдү өз станциясына жөнөтүп, биологиялык изилдөөлөрдө жаңы этапка чыкты.