Трамп Украинага Tomahawk ракеталарын берүү мүмкүнчүлүгүн четке какты

АКШ президенти Дональд Трамп Украинага узак аралыкка атылуучу "Tomahawk" ракеталарын берүү маселесин карабагандыгын билдирди.

Президент журналисттин суроосуна жооп берип жатып, "Жок, чындыгында жок" деп жооп берди.

Буга чейин CNN Пентагон Украинага узак аралыкка атылуучу ракеталарын берүү мүмкүнчүлүгүнө макул болгонун, бирок акыркы саясий чечимди президент Дональд Трамп кабыл аларын кабарлаган.

Мурдараак Трамп АКШ Украинага бул ракеталарды берүүнү каалабай турганын, анткени алар өлкөнү коргоо үчүн керек экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан