Эстониянын Орусия менен чектеш жеринде авиабомба табылгандыгы кабарланды

Эстониянын Орусия менен чек арасына жакын аймагында 250 килограммдык авиабомба табылды. Бул тууралуу ERR маалымат агенттиги өлкөнүн куткаруу кызматына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, кооптуу объект 2-ноябрда Аувере айылынын жанынан табылган. Саат 08:30 чамасында жергиликтүү тургун токой аралап жүрүп, чоң металл буюмду көрүп, куткаруучуларга кабар берген.

Окуя болгон жерге келген адистер бул чынында эле салмагы 250 килограмм болгон авиабомба экенин тастыктап, аны зыянсыздандырууга даярдык көрө башташкан. Жергиликтүү тургундарга сапёрлордун иши тууралуу алдын ала эскертилген. Жагдайлар такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан