Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 4-ноябрда өлкө аймактарында жамгыр, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3 ... +8, Талас жергесинде +1... +6, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +2... +7, Ысык-Көлдө +6 ... +11, Нарында +3... +8 градус болот.
Бишкек шаарында жамгыр жаайт. Абанын табы +3... +5 градус болот.