Мексиканын Сонора штатында дүкөндөн өрт чыгып, андан соң жарылуу болду. Алдын ала маалыматтар боюнча 23 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Соноранын губернатору Альфонсо Дуразо дүкөндөгү өрт көзөмөлгө алынганын белгиледи.
Соноранын башкы прокурору Густаво Салас Чавес 23 адам уулуу газга ууланып каза болгонун жана өрт атайылап коюлганы тууралуу далилдер жок экенин билдирди. Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.