Филиппиндерге Тынч океандан жакындап келе жаткан "Калмаеги" тайфунунан улам 70 миңден ашуун адам коопсуз аймактарга эвакуацияланды, балыкчыларга деңизге чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жергиликтүү бийликтер саатына 120 чакырымга жеткен "Калмаеги" тайфуну бүгүн, 3-ноябрда Филиппиндин батыш тарабына жетет деп күтүүдө.
Өлкөнүн батыш жана борбордук бөлүктөрүнө катуу шамал жана жаан-чачын алып келиши күтүлүп жаткан тайфундан улам, жээк аймактарында жашаган 70 миңден ашуун адам армиянын жардамы менен коопсуз аймактарга эвакуацияланды. Аймакта ошондой эле балыкчыларга деңизге чыгууга тыюу салынды.
Эске салсак, 2013-жылдын ноябрь айында Филиппинде "Хайян" тайфунунан 7 миң 300дөн ашуун адам каза болгон.