Казакстандын укуктук статистика жана атайын каттоо органдарынын порталында Екатерина Биволго издөө жарыяланды.
Билдирүү "Издөөдөгү кылмышкерлер" бөлүмүнө жайгаштырылган. Анда 35 жаштагы Бивол эки күндөн бери изделип жатканы айтылат.
2025-жылдын 1-ноябрында козголгон издөө иши Астанада катталган жана издөөнү Байконур райондук полиция бөлүмү жүргүзүп жатат.
Казакстандын Ички иштер министрлиги издөөнүн демилгечиси катары аныкталды.
Эскерте кетсек, 31-октябрда Казакстандын Ички иштер министрлиги Екатерина Биволго карата кылмыш иши козголгонун ырастады. "Адам камакка алуу түрүндөгү алдын алуу чарасы менен издөөгө алынды. Сотко чейинки тергөө жүрүп жатат",- деп билдирди Ички иштер министрлиги.
Иш кайсы берене боюнча жүргүзүлүп жатканы такталган жок.
Екатерина Биволго Кыргызстан боюнча да издөө жарыяланды. Ага карата 330-берене "Расалык, этникалык, улуттук же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу" боюнча кылмыш иши козголгон.