Депутаттар Энергетика жана өнөр жай министрин отставкага кетирүүнү сунуштоодо

Бүгүн, 17-декабрда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинде депутат Өмүрбек Текебаев демилгелеген "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат. Аталган мыйзам долбоор борбор шаардын каржылык көз карандысыздыгын, мэрдин жоопкерчилигин күчөтөт жана башка бир катар административдик өзгөрүүлөрдү ишке ашырат. Депутат Сайдулла Нышанов бул мыйзам долбоору кечигип жатканын айтып, Бишкек мэринин учурдагы абалына токтолду. "Азыр Бишкектин 50 пайызында электр энергия, 90 пайызында газ жок. Ал эми мэр электр тармагына жооп берген жетекчилерди кызматтан ала албайт. Анын буга укугу жок. Ал жетекчилер өзүнүн министрине гана баш ийет. Бүгүн Энергетика жана өнөр жай министрин отставкага кетсин деп демилге көтөрүшүбүз керек. Элди кыйнап бүтүштү" деди Нышанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан