Ооганстанда 3-ноябрга караган түнү болгон катуу жер титирөөдөн улам каза болгондордун саны 20га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Мазари-Шариф шаарына жакын жерде болгон. Жергиликтүү бийликтин маалыматында, кеминде 20 адам каза болуп, 75тен ашууну жаракат алган.
Буга чейин 7 адам каза болуп, 150 адам жаракат алганы айтылган. Учурда куткаруу иштери уланып жаткандыктан каза болгондордун саны көбөйүшү күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, жер титирөөнүн күчү 6,3 баллга жеткен.